Мен аккаунтума кире албай калдым
Социалдык тармактар жана башка байланыш аккаунттар активисттер тарабынан баарлашуу, билим алуу жана адвокацияда кеңири колдонулат. Натыйжада, бул аккаунттар чабуулчулардын кылдат текшерүү объектисине айланып, көп учурда активисттерге компромат чогултуп, колдонууга аракет жасалып, активисттерди жана алар байланышкан адамдарга зыян келтирүү аракет жүрөт.
Эгерде сиз ушул сыяктуу чабуулчулардын айынан өзүңүздүн аккаунтуңузга кире албай жаткан болсоңуз, биз сизге бул колдонмо аркылуу жардам берүүгө аракет кылып көрөбүз.
Бул жерде сиздин көйгөйүңүздү жакшыраак түшүнүүгө жана чечимдерди табууга жардам берүүчү суроолор камтылган.