DFAK / Өзүңө өзүң кам көрүү

Өзүңүздү көңүлсүз сезип жатасызбы?

Интернеттеги онлайн куугунтуктар, коркутуулар жана санариптик чабуулдардын кандай гана түрү болбосун, ар кандай терең жана эмоционалдык формаларда оор кыйынчылыктарды пайда кылышы мүмкүн: мунун кесепетинен ар кандай баш аламан сезимдер пайда болушу ыктымал, сиз өзүңүздү күнөөлүү, уялуу, тынчсыздануу, ачуулануу, кыжырдануу, алсыздык, ал тургай психологиялык же физикалык бакубаттуулугуңуз үчүн коркуу сезими менен коштолушу мүмкүн.Ал эми бул сезимдер коллективде такыр башкача болушу мумкун.

Негизинен алганда, сезимдер "Туура" жана туура эмес деп бөлүнбөйт, анткени адамдагы оор абал жана жеке маалыматтын маанилүүлүгү ар ким үчүн ар башка. Сиздин бүт эмоцияңыз негиздүү жана сиздин реакцияңыз туурабы же туура эмеспи деп тынчсыздануунун кереги жок.

Биринчиден, өзүңүздү же командадагы кимдир бирөөнү күнөөлөгөнүңүз өзгөчө кырдаалдардан чыгууга жардам бербей турганын унутпаңыз. Сиз техникалык жактан да, эмоционалдык жактан да өзгөчө кырдаалды чечүүдө сизге же сиздин командаңызга колдоо көрсөтө турган ишенимдүү кимдир бирөөгө кайрылгыңыз келиши мүмкүн.

Интернеттеги онлайн чабуулдун кесепеттерин азайтуу үчүн, эмне болгондугу жөнүндө маалыматты чогултуу керек, бирок муну сөзсүз түрдө өзүңүз жасашыңыз керек эмес - эгер сиз ишенген адам бар болсо, андан бул сайтта берилген көрсөтмөлөрдү аткарууда колдоо көрсөтүүнү сурансаңыз болот, же ал сиз үчүн маалымат чогултушу үчүн ага сиздин гаджеттериңизге же аккаунттарыңызга кирүү мүмкүнчүлүгүн берсеңиз болот. Ошондой эле, бул процесстин жүрүшүндө сиз эмоционалдык же техникалык жардам сурап кайрылсаңыз да болот.

Эгер сиз же сиздин командаңыз санариптик өзгөчө кырдаалдан чыгуу үчүн эмоционалдык жардамга муктаж болсо (же болбосо,алдын ала чара катары), Team CommUNITY- коомдук психологиялык саламаттык программасы ар кандай курч жана узак мөөнөттүү форматтарда психосоциалдык кызматтарды сунуштайт жана ар кандай тилдерде жана контексттерде колдоо көрсөтө алат.