Кош келиңиз


Санариптик Биринчи Жардам Топтому!


Бул топтом сизди туура CiviCERT командасына багыттоо үчүн иштелип чыккан.

Санариптик биринчи жардам топтому биринчи жардам көрсөтүүчүлөргө, санариптик коопсуздук боюнча окутуучуларга жана технологияны жакшы билген активисттерге, санариптик өзгөчө кырдаалдардын эң кеңири таралган түрлөрүнөн өздөрүн жана коомун жакшыраак коргоого жардам берген акысыз булак болуп саналат.Бул топтомду активисттер, укук коргоочулар, блоггерлер, журналисттер жана өздөрүн кантип коргоо жана башкаларды колдоо жөнүндө көбүрөөк билгиси келген медиа өкүлдөрү да колдоно алышат. Эгер сиз же сиз жардам берип жаткан адамдар санариптик өзгөчө кырдаалга туш болуп жатса, “Санариптик биринчи жардам топтому “көйгөйлөрдү аныктоого жардам берет жана зарыл болсо, андан ары жардам алуу үчүн колдоо көрсөтүүчүлөргө кайрылат.

Сиз кандай көйгөйгө туш болуп жатасыз?

Сиз туш болуп жаткан көйгөйдү тандаңыз жана Санариптик биринчи жардам топтому көйгөйдү жакшыраак аныктоо жана аны чечүү үчүн ресурстарды табууда бир катар суроолорго жооп берүүгө жардам берет. Сиз өз алдынча чече албаган маселелер боюнча Санариптик биринчи жардамтоптомунда сиз кеңеш ала турган уюмдардын тизмеси бар..

ДАГЫ ЭМНЕЛЕРДИ БИЛҮҮ КЕРЕК?

Санариптик биринчи жардам топтому бардык санариптик көйгөйлөрдү чечүү үчүн иштелип чыккан эмес. Эгер көйгөйлөрүңүздү кантип чечүүнү билбей жатсаңыз, бул тизмеге көз чаптырыңызбул сиз кеңеш ала алчу уюмдар тууралуу маалымат..

ӨЗҮҢҮЗДҮ КӨҢҮЛСҮЗ, ЧАРЧАҢКЫ СЕЗИП ЖАТАСЫЗБЫ?

Интернеттеги онлайн куугунтук, коркутуулар жана санариптик чабуулдардын башка түрлөрү сиздин сезимдериңизге жана сактыгыңызга чоң зыян келтириши мүмкүн. Буга колдоо алып, жеңилдетүү үчүн башка ресурстар жана уюмдар үчүн өзүңүзгө өзүңүз кам көрүү боюнча биздинкеңештерибизди окуңуз.

САНАРИПТИК БИРИНЧИ ЖАРДАМ ТОПТОМУНУН НЕГИЗДӨӨЧҮЛӨРҮ КИМ?

Бул ресурсЫкчам жооп берүү тармагы (Rapid Response Network)жанаCiviCERT тарабынан биргеликте иштелип чыккан.. Көбүрөөк маалымат алуу үчүнЖалпы маалымат барагын карап чыгыңыз.Санариптик Биринчи Жардам Топтому - бул ачык булак долбоору жана биз каалаган үчүнчү тараптынсалымдарын кабыл алабыз..