DFAK /

Мен тааныган адам абакка алынды

Укук коргоочулардын, журналисттердин, активисттердин камакка алынуусу бир гана аларды өздөрүн эмес, - алар менен чогуу иштеген жана жашаган адамдарды да чоң тобокелге салат.

Бул колдонмо адам укуктары жана тийиштүү процесси жок, же бийликтер мыйзамдуу процедураларды айланып өтүүгө мүмкүн болгон, же мамлекеттик эмес субъекттер эркин иш алып барган жана камоолор же камакка алуулар жабырлануучулар, алардын кесиптештери жана жакындары үчүн көбүрөөк коркунуч туудурган өлкөлөргө багытталган.

Бул колдонмо менен биз камакка алынган адамдар туш болгон коркунучтарды жеңилдетүүнү жана алар менен бирге болгон алардын кесиптештерин айыптоого мүмкүнчүлүк берген купуя маалыматтарга жетүүсүн же башка операцияларды бузуу үчүн колдонулушун чектөөнү максат кылабыз.

Кармалган адамга кам көрүү, ошондой эле ал кармалганы жөнүндөгү медиага чыккан маалыматтарды күзөтүп, туура маалымат берүүтүйшүктүү жана татаал болушу мүмкүн. Сизди колдой турган жана тиешелүү коомчулук менен макулдаша турган башка адамдарды табууга аракет кылыңыз.

Ошондой эле, сиз өзүңүзгө жана бул камакка алуудан жабыркаган башка адамдарга кам көрүү маанилүү. Ал үчүн төмөнкү кадамдарды эске алуу зарыл:

Эгерде сиз өзүңүздү эмоционалдык жактан (кандайдыр бир башка себептерден улам) чарчаңкы сезсеңиз,төмөндө көрсөтүлгөн кадамдарды аткара албасаңыз, бул жерде тизмеленген уюмдарга жардам алуу үчүн кайрылыңыз.

План түзүү

Төмөндө келтирилген ар кандай бөлүмдөр боюнча иш-аракет аткаруудан мурун төмөнкү кадамдарды аткарыңыз:

  • Колдонмону толук окуп чыгып, кандайдыр бир иш-аракет кылуудан мурун бардык маанилүү тараптарды карап чыгууга аракет кылыңыз. Себеби, ар кандай бөлүмдөрдө бири-бирине дал келиши мүмкүн болгон ар түрдүү коркунуч туудурган учурлар бөлүп көрсөтөт, андыктан сиз өзүңүзгө туура келген иш- аракеттериңизди түзүшүңүз керек болот.
  • Досторуңуз же командаңыз менен ар кайсы бөлүмдөрдө зарыл болгон ар кандай учурларды чагылдырган тобокелдиктерди баалоо үчүн убакыт бөлүңүз.

Кандайдыр бир иш аракеттерди жасоодон мурда даярданыңыз

Бул камакка алуу же камоо камактагы адамдын үй-бүлө мүчөлөрүнө, досторуна же кесиптештерине, анын ичинде сизге да таасирин тийгизиши мүмкүн деп ишенүүгө негиз барбы?

Бул колдонмо сизди абактагы адамга жана ага тиешеси бар адамдарга жардам берген, ошондой эле,абакка түшүү терс таасирин тийгизегендиктен аны азайтып, колдоо көрсөтүүгө бир катар кадамдарды сунуштайт.

Tips for coordinated response

Адам кармалган бардык жагдайларда, биринчи кезекте белгилей кетүүчү нерсе, көбүн эсе, эң эле алгач кармалган адамдын достору же кесиптештери дароо реакция жасашат, бирок бул маалыматтын кайра кайра кайталануусуна же болбосо кандайдыр бир карама-каршы башка аракеттерге алып келет. Ошондуктан, жергиликтүү жана эл аралык деңгээлдеги координация жана макулдашылган иш-аракет абактагы адамды колдоодо, анын үй-бүлөсүнө жана досторуна кам көрүү үчүн маанилүү экенин эстен чыгарбоо абзел.

  • колдоо, кам көрүү, жол көрсөтүү ж.б. бардык иш-чараларды координациялай турган кризистик топту түзүү зарыл.
  • Мүмкүн болушунча үй-бүлө мүчөлөрүн, өнөктөштөрдү ж.б.тартуу керек(бирок алардын убактысын сыйлоо менен, мисалы:балким алардын да көп жумуштары болуусу ыктымад.).
  • Колдоо кампанияңыз үчүн так максаттарды коюңуз (жана аларды тез-тез карап чыгыңыз): мисалы, сиз абактагыларды бошотууга, алардын сак саламаттыгын камсыз кылууга же үй-бүлөсүн жана колдоочуларын коргоого жана алардын тынчтыгын эн маанилүү максаттарыңыз катары алдыңызга коюп алсаңыз болот.
  • Коопсуз байланыш каналдарын жана аларды колдонуу жыштыгын, ошондой эле чектөөлөрдү тактап келишип алыңыздар (мисалы, жаңы өзгөчө кырдаалдардан же шашылыш жаңылыктардан тышкары, кечки саат 10дон 8ге чейин байланышка тыюу салуу сыяктуу).
  • Команда мүчөлөрүнүн арасында тапшырмаларды бөлүштүрүңүз жана колдоо үчүн тышкы уюмдар менен байланышыңыз (анализ, пропаганда, ЖМК менен иштөө, документация ж.б.).
  • Негизги муктаждыктарды камсыз кылууга аракет кылыңыз (мисалы, үзгүлтүксүз тамактануу ж.б.у.с.).

Digital security precautions

Эгерде сизде өзүңүз же башка колдоочуларго болчу кесепеттерден улам коркууга негиз бар болсо, анда досуңуздун кармалышына байланыштуу өзгөчө кырдаалдарды чечүүдөн мурда, өзүңүздү жана башкаларды тез арада коркунучтан коргоо үчүн санариптик коопсуздук деңгээлинде алдын алуу чараларын көрүү абдан маанилүү.

  • Сиздин жактоочулар тармагыңыз жеңилдетүү чараларын координациялоо жана кармалган адам жана андан аркы кесепеттер тууралуу маалыматты жеткирүү үчүн кайсы (коопсуз) байланыш каналдарын колдоноорун келишип алыңыздар. Мессенджер топторунда же сиз колдонгон башка байланыш платформаларында бир нече колдонуучулар менен башкаруу укуктарын бөлүшүңүз. Кошумча коопсуздук үчүн, жоголуп кетүүчү билдирүүлөр функциясын күйгүзүңүз.
  • Түзмөктөрүңүздөгү (девайс, гаджет) маалыматтарды колдонууну минимумга чейин азайтыңыз жана түзмөктөрүңүздөгү маалыматтарды шифрлөө менен коргоңуз.
  • Бардык маалыматтарыңызды коопсуз, шифрленген резервдик көчүрмөлөрүн түзүп, издөө же андан ары кармоо учурунда табылбай турган жерде сактаңыз.
  • Гаджеттерге, онлайн аккунттарга жана башкаларга сырсөздөрдү коркунуч туудурбаган ишенимдүү адамдар менен алмаштырыңыз. Мында сизге[Сырсөз Менеджери] (https://securityinabox.org/en/passwords/passwords-and-2fa/#use-a-password-manager) коопсуз кылууга жардам берет.
  • Кийин да болуп калуучу камоолорго биринчи жооп катары аткарыла турган иш-аракеттерди карап чыгып, биргеликте макулдашып алыңыз (мис., аккунттун иштөөсүн убактылуу токтотуу,гаджетти алыс аралыктан тазалап,өчүрүү, ж.б.).

Risk assessment

Reduce possible harm caused by our own actions

Жалпысынан алганда, сиз иш аракеттериңизди ушул суроолорго таянып, иштеп чыгууга аракет кылышыңыз керек:

  • Бир гана кармалган адамга гана эмес, анын айлана-чөйрөсүндөгү активисттерге, досторуна, үй-бүлөсүнө жана башкаларга,ошондой эле, анын ичинде сиз үчүн да, жасалып жаткан жеке жана биргеликте чогу жасалган кадамдар,иш- аракеттердин таасири кандай болушу мүмкүн?

Кийинки бөлүмдөрдүн ар бири бул тобокелдикти баалоонун өзгөчө аспектилерин чагылдырат.

Төмөндө негизги ойлор келтирилген:

  • Аккаунттарды, маалыматтарды, социалдык медиадагы кандайдыр бир коркунучтарды ж.б. тазалоодон мурун, сиз жок кылып жаткан мазмунду/контентти жана маалыматты документтештирип алганыңызды текшериңиз, айрыкча ал мазмунду же маалыматты калыбына келтиришиңиз керек болсо же кийинчерээк далилдөө үчүн керек болсо.
  • Эгерде сиз сырсөздөрдү өзгөртсөңүз, аккаунттарды же файлдарды жок кылган же өчүргөн учурларда, эсиңизде болсун:
    • Бийлик муну далилдерди жок кылуу же алып салуу катары чечмелеши мүмкүн.
    • Бул кармалган адамдын абалын татаалдаштырышы мүмкүн, эгерде ал ошол аккаунттарга же файлдарга кирүүгө мүмкүнчүлүк берсип, бирок бийлик аларды таба албаса, анда кармалган адам ишенимсиз көрүнөт жана аны жок кылууга байланыштуу ар кандай чаралар көрүлүшү мүмкүн.
  • Эгерде сиз адамдарга алардын жеке маалыматы бийлик тарабына алынган гаджетте же аккаунтта сакталганын билдирсеңиз жана бул байланыш бийликке белгилүү болуп,тыңшалып калган болсо, бул кармалган адам менен байланыштын кошумча далили катары колдонулушу мүмкүн.
  • Байланыш жол-жоболорун өзгөртүү (анын ичинде аккаунттарды жок кылуу ж.б.) бийлик органдарынын көңүлүн бурушу мүмкүн.

Inform contacts

Дегеле, органдардын кармалган адамдын байланыш тармагын картага түшүрүү мүмкүнчүлүгү бар же жок экендигин жана алар муну жасадыбы же жокпу, аныктоо мүмкүн эмес.Ошентип, биз эң жаман жагдайды - алар муну жасашты же акыры жасайт деп ойлошубуз керек.

Кармалган адам туурасында башкаларга маалымдоону баштоодон мурун, ал менен байланыштуу коркунучтарды баалаңыз:

  • Сизде кармалган адамдын байланыш тизмесинин көчүрмөсү барбы? Кармалган адамдын байланыш тизмесинде ким бар экендигин, алардын гаджеттеринде, электрондук аккаунтун жана социалдык тармактарын текшере аласызбы? Ал адамдын кармалуусу кимге таасир этиши мүмкүн экендигин билүү үчүн мүмкүн болгон байланыштардын контакттардын тизмесин түзүңүз.Бул тизмени мүмкүн болушунча коопсуз сактаңыз жана өткөрүп бериңиз жана аны "билүү керек"болгондо гана бөлүшүңүз.
  • Кармалган адамдын контакттарын маалымдоо аларды кармалган адам менен байланыштырышы мүмкүн жана бул бийлик тарабынан аларга каршы колдонулушу мүмкүн деген коркунуч барбы?
  • Ар бир адам кабардар болушу керекпи же катыштар(контакттар) тизмесиндеги адамдардын белгилүү бир тобубу?
  • Ким кайсы контакттарды маалымдайт? Ким ким менен байланышта? Бул чечимдин таасири/натыйжасы кандай?
  • Эң коопсуз байланыш каналын түзүңүз, анын ичинде CCTV (видеобайкоосу) жок жерлерде бетме-бет жолугушууларды өткөрүүгө, байланышуучу адамдарды кабардар кылуу.

Document to keep evidence

Санариптик далилдерди кантип сактоо керектиги жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн инциденттерди онлайн документтештирүү боюнча DFAK колдонмосуна кайрылыңыз.

Вебсайттардан, социалдык тармактардан дага башка жерлерден кандайдыр бир маалыматты жок кылуудан мурун,сиз буларды мурда документтештиргениңизди текшерип алсаныз болот.Бул маалыматтарды сактоонун себеби катары - кыянаттык менен колдонулган аккаунттардын белгилерин же далилин (мисалы, кошумча же атын жамынган жалган маалыматты), же юридикалык жактан далил катары керектүү маалыматты сактап алуу үчүн зарыл.

Веб-сайтка же социалдык медиа платформасына жараша каналдарды же онлайн маалыматтарды документтештирүүнү каалаган учурда, ар кандай ыкмалар колдонулушу мүмкүн:

  • Керектүү жана тиешелүү жерлердин скриншотторун алып, сактап алыңыз (скриншоттордо убакыт белгилери, URL даректери ж.б. камтылганын текшериңиз).
  • Сиз Wayback Machine ичинде тиешелүү веб-сайттар же блогдор бар-жогун текшере аласыз, же веб-баракчаларды компьютериңизге жүктөп алсаңыз болот.

DFAK документтештирүү колдонмосунан онлайн маалыматты кантип сактоо керектиги боюнча кеңири маалыматтарды таба аласыз.

Жүктөп алган маалыматты коопсуз жерде сакталган коопсуз гаджетте сактоо маанилүү экенин унутпаңыз.

Device seizure

Эгерде кармалган адамдын кандайдыр бир гаджеттери абакка алуу же андан кийинки учурунда конфискацияланса, DFAK Мен гаджетимди жоготуп алдымколдонмосун, атап айтканда - алыстан/аралыктан тазалоо бөлүмүн окуп чыгыңыз.

Incriminating online data and accounts

Эгерде абактагы адамдын гаджеттеринде ага же башкаларга зыян келтире турган маалыматтарды камтыган аккаунттары бар болуп, туташтырылган болсо, анда кармалган адамдын ал маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүн чектөөгө аракет кылуу керек.

Баштоодон мурун, бул маалымат менен байланышкан тобокелдикти салыштырыңыз. Ошондой эле коопсуздук кызматкерлери бул маалыматка жетпегендиктен (же далилдерди жок кылуу боюнча соттук териштирүүлөрдөн) келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдик менен салыштырыңыз. Эгерде бул маалыматка байланыштуу тобокелдик жогору болсо, анда төмөнкү көрсөтмөлөрдү аткарып, тиешелүү маалыматтарды жок кылууга жана/же аккаунттарды жабууга/токтотууга өтсөңүз болот.

Suspend or close online accounts

Жабууну каалаган аккаунттарга кирүү мүмкүнчүлүгүңүз бар болсо,аккаунтту жабуу үчүн ар бир платформа белгилеген процесстерди так аткаруу керек. Эң маанилүүсү - жок кылынган маалыматтын/контенттин резервдик көчүрмөсүн сактоонун унутпаңыз! Аккаунт жабылгандан кийин андагы маалымат дароо жеткиликтүү болбой калууну эсиңизден чыгарбаңыз! Мисалы, Facebook үчүн, маалымат/контен бардык серверлерден жок болуусу үчүн эки жумага чейин созулушу мүмкүн.

Аккаунттарды токтото туруу же жабуу боюнча ар кандай варианттар бар экендигин эске алуу керек, алар маалыматка жана аккаунтту колдонууга ар башкача таасир этет:

  • Бөгөттөө: Аккаунтту кулпулоо кимдир бирөөнүн аккаунтка кирүүсүнө жол бербейт. Аккаунат кулпуланып,жабылганда бардык андагы маалыматтар/дайындар жана колдонмо энбелгилери өчүрүлөт, башкача айтканда,аккаунтка кирүү мүмкүн эмес болуп калат. Бирок аккаунт активдүү бойдон калып, коомдук башка маалыматтар дагы деле көрүнүп турат.

  • Убактылуу токтотуу:Эгерде аккаунттун иштөөсүн убактылуу токтотууну кааласаңыз, платформалар аккаунттуу колдонууга/иштетүүгө убактылуу чектөө коюп, ал жеткиликтүү болбой калат.Бул аккаунткка эч ким кире албайт дегенди билдирет, жана аккаунтка кимди бирөө жазып, же кандайдыр бир аракет кылгандарга аккаунт убактылуу токтотулган көрүнүп турат. Бул "аккаунт убактылуу токтотулган"аталышындагы билдирүү аркылуу дайын болот.

  • Толугу менен токтотуу: Кийин калыбына келтирилбей турган жол менен аккаунттун жабылышын билдирет.Бул, адатта, эң аз кодонулган чектөө механизми, бирок кээ бир кызматтар жана платформалар үчүн бул мүмкүн болгон жалгыз механизм. Тиешелүү аккаунтту калыбына келтирүү мүмкүн эместигин эске алуу менен, аккаунтту жабуу жөнүндө арыз бергенге чейин мыйзамдуу өкүлдүн же үй-бүлө мүчөлөрүнүн макулдугу талап кылынат.

Эгер абактагылардын аккаунттарына кирүү мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо же социалдык медиа аккаунттарыңызды коргоо үчүн тезирээк чаралар керек болсо, колдоо көрсөтүү үчүн кызматтарынын бир бөлүгү катары аккаунтту коргоону сунуштаган бул жерде тизмеленген уюмдарга кайрылыңыз.

De-link accounts from devices

Кээде аккаунттарды гаджеттерден ажыратуу да керек болот, анткени мындай шилтеме туташкан гаджетти башкарып жаткандарга, купуя маалыматтарды ачыкка чыгарып салууга жол бериши мүмкүн. Бул үчүн, сиз иш процессинде "Мен гаджетимди жоготтум алдым" колдонмосун иштетүүгө болот.

Гаджеттерден онлайн банк эсептерин ажыратууну унутпаңыз.

Change passwords

Эгер аккаунттарды жаппоону же убактылуу токтотууну чечсеңиз, "Мен гаджетимди жоготтум" иш процессиндеги колдонмолорду иштетүү менен сырсөздөрүңүздү өзгөрткөнүңүз жакшы.

Ошондой эле,'Мен гаджетимди жоготтум' иш процессиндеги көрсөтмөлөрдү аткаруу менен абакка түшүп калгандардын аккаунттарынан коопсуздугун жогорулатуу үчүн эки факторлуу аутентификацияны иштетүүнү карап көрүңүз.

Бир эле сырсөздөр ар кандай аккаунттарда колдонулган болсо, ошол аккаунттардагы бардык жабыркаган сырсөздөр өзгөртүлүшү керек, анткени алар да бузулушу мүмкүн.

Сырсөздөрдү өзгөртүүдө дагы кошумча кеңештер

  • Кийинчерээк колдонуу үчүн өзгөртүлгөн сырсөздөрдү документтештирүү же абактагы адам бошотулгандан кийин,сырсөздөрдү өткөрүп берүү үчүн сырсөз менеджерин колдонуңуз (мисалы, KeepassXC). -Кармалган адам бошотулгандан кийин кечиктирбестен сырсөздөрдүн өзгөргөндүгү жөнүндө билдирүүнү жана аларга менчик укугун кайтарып берүүнү унутпаңыз.

Remove group membership and unshare folders

Эгерде кармалган адам кандайдыр бир топтордо, мисалы Facebook топторунда, WhatsApp, Signal же Wire группалык чаттарында болсо (бирок алар менен чектелбестен), же жалпы папкаларга онлайн кире алса, жана бул топтордо потенциалдуу коркунучтуу болгон маалыматтарга артыкчылыкка же мүмкүндүккө ээ болсо, анда абактагыларды топтордон же жалпы онлайн мейкиндиктерден алып салууга туура келет.

Ар кандай кабарлашуу мессенджерлериндеги өчүрүп салуу боюнча көрсөтмөлөр:

  • WhatsApp
  • Telegram
    • iOS'то: Топту түзгөн адам кандайдыр бир колдонуучуну топтон алып салгысы келсе, аны "Топтун маалымат"ынан (“Group Info”) тандап солго сүрүү менен өчүрө алат.
    • Androidде: Карандаш сөлөкөтүн басып, "Мүчөлөр" дегенди тандаңыз - алып салгыңыз келген мүчөнүн аты жанындагы үч чекитти басып, "Топтон өчүрүп салуу" дегенди тандаңыз.
  • Wire
  • Signal

Ар кандай онлайн кызматтарда папкаларды бөлүшүүнү токтотуу боюнча көрсөтмөлөр:

Feed Deletion

Кээ бир учурларда сиз абакка түшүп калган адамдын социалдык медиасын же анын аккаунтуна шилтеме берген башка ленталардан маалыматтарды/контентти өчүрүп салгыңыз келиши ыктымал, анткени ал аларга каршы далил катары пайдаланылышы же абактага адамга кошумча конфликт жаратышы же аларды каршы дискредитациялоо үчүн колдонулушу мүмкүн.

Кээ бир кызматтар аккаунттардан жана убакыт тилкелеринен түрмөктөрдү жана постторду алып салууну жеңилдетет. Төмөндө Twitter, Facebook жана Instagram үчүн колдонмолор бар.Сиз жок кылып, өчүрүп салгыңыз келген маалыматты/контентти документтештиргениңизди текшерип коюңуз, анткени ал сизге дагы эле маалыматтар бурмаланып жаткан учурда далил катары керек болуп калышы мүмкүн.

Delete Harmful Online Associations

Кармалган адамдын аты-жөнү, ага же алардын байланыштарына терс таасирин тийгизе турган онлайн маалымат бар болсо, анда аны өчүрүп салганыңыз оң.

  • Жок кылынышы же өзгөртүлүшү керек болгон тармактардын жана маалыматтардын тизмесин түзүңүз.
  • Эгер өчүрүлө турган же өзгөртүлө турган маалымат/контент аныкталса, аны жок кылуу же өчүрүү өтүнүчтөрүн жиберүүдөн мурун анын резервдик көчүрмөсүн сактап коюуу зарыл.
  • Кармалган адамдын аты-жөнүн ЖМКдан өчүртүп салуу алардын абалына терс таасирин тийгизеби же жокпу,ойлонуп көрүңүз (мисалы, уюмдун кызматкерлеринин тизмесинен алардын атын алып салуу уюмду коргойт, бирок абактагы адамды ал ошол уюмда иштеген сыяктуу актоодон ажыратышы мүмкүн).
  • Тиешелүү веб-сайттарга же аккаунттарга кирүү мүмкүнчүлүгүңүз болсо, купуя маалыматты/контентти өзгөртүңүз же алып, өчүрүп салыңыз.
  • Эгер кирүү мүмкүнчүлүгү жок болсо, мүмкүнчүлүгү бар адамдардан купуя маалыматты алып салууну сураңыз.
  • Google кызматтарындагы маалыматты алып салуу боюнча колдонмо бул жердентапса болот.
  • Маалыматты камтыган сайттар Wayback Machine же Google Cache тарабынан индекстелгендигин текшериңиз. Эгер ошондой болсо, анда ал маалымат/контент да алынып салынышы керек.

Онлайн банк эсептери

Көп учурда банк эсептерине онлайн режиминде кирүүгө жана башкарууга болот. Алар мобилдик гаджеттер аркылуу текшерүү транзакциялар үчүн же онлайн эсепке кирүү үчүн гана керек болушу мүмкүн. Эгерде кармалган адам банктык эсептерине узак убакыт бою кирбесе, бул анын финансылык абалына жана эсепке кирүү мүмкүнчүлүгүнө таасир этиши мүмкүн. Мындай учурларда сөзсүз төмөнкү сунуштарды колдонууга болот:

  • Кармалган адамдын банк эсебиндеги уланган гаджеттерди тезинен ажыратып, алмашытырыңыз.
  • Кармалган адамдан алдын ала (туугандарынын макулдашуусу менен) анын атынан, банктык эсебин иштетүү укугуна ишеним кат алуу менен уруксат алуу

Жыйынтыктоочу кеңештер