Онлайн ыдык көрсөтүүгө кабыл болуп жатасызбы?
Интернет, өзгөчө социалдык медиа платформалары жарандык коомдун жана уюмдардын мүчөлөрүнүн, айрыкча аялдар, ЛГБТКИА+ жана башка аярлуу топтордун үнүн чагылдыруучу маанилүү мейкиндикке айланды. Бирок, ошол эле учурда, ал платформалар башкалардын бул аярлуу топтор туурасында өз көз караштарын билдирүүчү мейкиндикке айланууда. Интернеттеги зордук-зомбулук жана кыянаттык аялдардын, ЛГБТКИА+ жана башка көптөгөн аярлуу эмес топтордун да, эркин жана коркпой өзүн өзү билдирүү укугунан ажыратууда.
Онлайн зордук-зомбулук жана абьюздун ар кандай формалары бар жана көп өлкөлөрдө зомбулуктан жабыркагандардын укуктарын коргоочу мыйзамдардын жана баарын бирдей коргоо стратегиялары жоктугунан, кол салуучулар көп учурда жазасыз калып кетишет. Зомбулуктун курмандыктарын коргоо үчүн мыйзамдарды жана стратегияларды, кандай зомбулуктун түрлөрү көрсөтүлүп жатканына жараша чыгармачыл жол менен оңдоп чыгуу зарыл. Ошондуктан сизге жасалган чабуулга каршы кадамарды жасоого болоорун аныктоо үчүн сизге чабуулдун кандай түрү көрсөтүлгөнүн аныктап алуу маанилүү.
Санариптик биринчи жардам топтомунун бул бөлүмүндө сиз кол салуунун кайсыл түрүнүн курмандыгы болгонуңузду түшүнүп, андан кийин кантип коргонууга болоорун пландап же болбосо сизге жардам көрсөтө алчу санариптик коопсуздук боюнча колдоо кызматын табууга кандай кадамдар жасоо керектигин түшүнүүгө жардам берет.
Эгер сиз онлайн зомбулуктун курмандыгы болгон болсоңуз, анда эң алгач кантип өзүңүз жөнүндө кам көрүү керектиги жана бул кол салууларды кантип документтештирүү боюнча көрсөтмөлөрдү карап чыгууну сунуштайбыз, андан соң сиздин көйгөйдүн мүнөзүн түшүнүп, мүмкүн болгон чечимдерди табуу үчүн бул анкетаны толтурууну суранабыз.