Мен каралоо өнөктөштүгүнүн объектисине айландым
Кимдир бирөө башка бирөөнүн аброюна шек келтирип, зыян келтирүү максатында атайылап жалган, манипуляцияланган же туура эмес маалыматтарды чыгарып таркатса, бул каралоо кампаниясы болуп саналат. Бул кампаниялар белгилүү бир коомдук таанымал адамдарга же уюмдарга багытталган болушу мүмкүн. Алар мамлекеттик же жеке уюм тарабынан уюштурулушу ыктымал.
Бул бүгүнкү күндө дүйнө үчүн жаңы болбосо да, санариптик маалымат жана коммуникация чөйрөсү бул билдирүүлөрдү тездик менен таркатып, чабуулдун масштабын жана ылдамдыгын жогорулатып, анын таасирин тереңдетип келет.
Жалаа жабуу кампанияларынын максаты "гендердик теңсиздикти курал катары пайдалануу менен гетеронормативдик нормаларды жайылтуу жана социалдык бөлүнүүнү тереңдетүү" жолу менен аялдарды жана ЛГБТИК+ адамдарды коомдук турмуштан бөлүп, четтетүү болуп саналат [1].
Бул "Санариптик биринчи жардам топтому"("Digital First Aid Kit") бөлүмүндө сиз каралоо кампаниясына кантип жооп берүүнү пландаштыруу максатында бир нече негизги сунуштар менен тааныша аласыз. Көйгөйүңүздү аныктоо жана кандайдыр бир чечимдерди табуу үчүн бул анкета менен таашып чыгыңыз.