Кимдир бирөө менин жеке маалыматтарым же медиа файлдарым менен менин макулдугумсуз бөлүшүп жатат

Каралоочулар кээде сизди аныктаган же жеке жашооңуздун сиз купуя сактоону тандаган аспектилерин ачыкка чыгарган маалыматты жарыялашы мүмкүн. Бул кээде "доксинг" ("документтерди чыгаруу" дегендин кыскасы ) деп аталат.

Доксингдин максаты - жабырлануучуну уят кылуу же ага каршы чыгуу. Бул сиздин психосоциалдык бакубаттуулугуңузга, жеке коопсуздукуңузга, мамилелериңизге жана жумушуңузга олуттуу терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Доксинг коомдук ишмерлерди, журналисттерди, укук коргоочуларды жана активисттерди коркутуу үчүн колдонулат, бирок көбүнчө сексуалдык азчылыктарга же маргиналдуу топторго таандык адамдарга каршы багытталган. Бул онлайн жана гендердик зомбулуктун башка түрлөрү менен тыгыз байланышта.

Сизди доксинг кылып жаткан адам сиздин документтериңизди ар кандай булактардан алышы мүмкүн. Бул сиздин жеке аккаунттарыңызга жана гаджеттериңизге бузуп кирүүнү камтышы ыктымал. Бирок алар сиз досторуңуз, шериктештериңиз, тааныштарыңыз же кесиптештериңиз менен жеке бөлүшүп жатам деп ойлогон маалыматты же медиа файлдарды ачыкка чыгарып, контексттен алып колдонушу мүмкүн. Кээ бир учурларда, каралоочулар сиз жөнүндө социалдык баракчалардан же жалпыга жеткиликтүү коомдук маалыматтардан маалымат чогултат. Бул маалыматты кара ниеттик менен туура эмес чечмелеген да доксингге кирет.

Эгер сиз доксингге кабылган болсоңуз, анда сиз төмөнкү анкетаны колдонуп, аңдыган адам/ каралоочу сиздин маалыматыңызды кайдан тапканын аныктап, зыянды чектөөнүн жолдорун табып, веб-сайттардан документтерди алып салсаңыз болот.