"Менин оюмча мени күзөтүп жатышат

Соңку мезгилде биз жарандык коомдун мүчөлөрүн күзөтүүнүн көптөгөн жаңы учурларына күбө болуудабыз – кара ниеттүү өнөктөштөрдүн куугунтуктоо программаларын колдонуудан жана кызматкерлерди корпоративдик көзөмөлдөөдөн баштап, массалык мамлекет тарабынан активисттер менен журналисттерге каршы атайын даярдалган максатту куугунтуктоо кампанияларына чейин. Байкоочу методологиялардын жана прецеденттердин кеңири таралганын эске алуу менен, өзгөчө чукул жардам көрсөтүүдө күзөтүүлөрдүн бардык аспектилерин камтуу мүмкүн болбой келет.

Ошентип, бул колдонмодо биз санарип тармагында туш болгон жана чара көрүүгө мүмкүн болгон, өзгөчө кырдаалдарды чагылдырган гаджеттерге жана колдонуучунун аккаунттарына тиешелүү учурларды тыкыр карап чыгабыз.Эгерде чечүүгө мүмкүн болгон чечим жок болсо, анда биз аны өзгөчө кырдаал деп эсептебейбиз жана аны майда-чүйдөсүнө чейин чагылдырбайбыз (анын ордуна шилтемелер берилет).

Бул колдонмодо каралбаган учурлар да бар, алар төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Физикалык күзөтүүгө кабылуу. Эгер сизде физикалык күзөтүүгө кабылуу коркунучу бар болсо, жана сиз муну чечүү үчүн жардам алууну кааласаңыз, Санариптик биринчи жардам комплектине колдоо көрсөтүү баракчасы көз чаптырып, физикалык коопсуздукту сактоого жардам берүүчү уюмдарга кайрылсаңыз болот.
  • Коомдук, корпоративдик жана жеке жайларда CCTV камералары сыяктуу жабдууларды колдонуу менен масштабдуу байкоо/күзөтүү жүргүзүү.
  • Интернет байланышына көз каранды эмес аппарттык каталар

Экинчи маани берүүчү нерсе- бул азыркы учурда ар бир адам кайсы бир деңгеелде күзөтүүгө кабылуусу жаңылык эмес:

  • Уюлдук телефондор биздин жайгашкан жерибиз, байланыштар тармагы жөнүндө жана башка маалыматтарды алуу үчүн бир нече субъекттер тарабынан колдонулушу мүмкүн болгон биз жөнүндө чоң көлөмдөгү маалыматтарды чогултуу үчүн иштелип чыккан.
  • Социалдык тармактар ​​жана электрондук почта провайдерлери сыяктуу интернет кызматтары да, биздин билдирүүлөрүбүздүн темаларына, жада калса башка бирөөлөр менен баарлашкан жеке билдирүүлөргө байланыштуу жарнактарды көрсөтүү үчүн, биз жөнүндө чоң көлөмдөгү маалыматтарды чогултат.
  • Барган сайын көптөгөн өлкөлөрдө биздин жеке маалыматтарды колдонгон жана биздин ар кандай мамлекеттик органдарга кайрылуубуз, кызматташтыгыбыз жөнүндө маалымат чогулткан көптөгөн бири бири менен байланышкан системалар орун алууда, алар салык же медициналык маалымат боюнча документтерди суроонун негизинде "профильдерди" түзүүгө мүмкүндүк берет.

Массалык көзөмөлдүн бул мисалдары, ошондой эле максаттуу операциялардын көптөгөн прецеденттери ар бир адамда (айрыкча активисттердин арасында) ал көзөмөлдөнүп жаткандай сезим жаратып, бул паранойяга алып келиши мүмкүн жана биз туш болгон чыныгы коркунучтарга туруштук берүүдө эмоционалдык абалыбызга таасир этпей койбойт. Бирок, профилибизге, аткарган ишибизге жана потенциалдуу оппоненттерибиздин мүмкүнчүлүктөрүнө жараша, көп учурда биздин үстүбүздөн көзөмөл жүргүзүлүп жатканына негиздүү шектенүүлөр болгон конкреттүү учурлар болот. Эгер сизде ушундай жагдай болсо, бул колдонмону окууну улантыңыз.

Үчүнчүдөн, күзөтүү жүргүзүүнүн көптөгөн схемалары (айрыкча атайын даярдалгандары) артынан эч кандай белгилерди калтырбай, күзөтүүгө кабылган жабырлануучу аны аныктап, тактоо учурунда кыйындыкты жаратып, кээде дегеле мүмкүн болбой калат. Колдонмону колдонууда муну эстен чыгарбаңыз жана эгерде дагы деле сиз туш болгон көйгөйүңүз бул жерде камтылбаган болсо, же сиздин ишиңиз мындан да татаалыраак деп ойлосоңуз, колдонмонун аягында саналып өткөн уюмдар менен байланышыңыз болот.

Жыйынтыктап айтканда, күзөтүү массалык же максаттуу атайын даярдалган болушу мүмкүн экенин белгилей кетүү керек. Массалык байкоо, адатта, бүтүндөй калкты же алардын чоң бөлүгүн камтыйт. Мисалы, платформанын бардык колдонуучулары, белгилүү бир аймактын бардык тургундары ж. б. Алар, адатта, атайын ресурстарды (акча, убакыт жана/же мүмкүнчүлүктөрдү) талап кылган бир же аз сандагы адамдарга багытталган максаттуу күзөтүүгө караганда, массалык күзөтүү же байкоо жүргүзүү технологияга көбүрөөк таянып, анча коркунучтуу эмес. Жана айта кетчү нерсе, массалык күзөтүүгө караганда коркунучтуу, себеби күзөтүүнүн жекелик формасы ресурстарды конкреттүү адамдардын иш-аракеттерин жана байланыштарын көзөмөлдөөгө багытталган болот.

Эгер сиз үстүңүздөн, күзөтүү/байкоо жүргүзүлүп жаткан белгилерди байкасаңыз, колдонмонуу иштетүү үчүн баштоо баскычын басыңыз.