Мен шектүү билдирүү алдым

Шектүү электрондук каттардын эң кеңири таралган түрү фишинг электрондук каттары, бирок сиз социалдык медиа аккаунттарыңызда жана/же маалымат алмашуу тиркмелериңизде да шектүү билдирүүлөрдү алышыңыз мүмкүн. Фишинг билдирүүлөрү сиздин жеке, каржылык же аккаунтуңуздагы маалыматтарыңызда алууга, башка бирөөгө өткөзүп алуу үчүн алдоо максатында иштелип чыкккан. Алар сизден жасалма веб-сайтка кирүүнү же кардарларды тейлөө номерине чалууну суранышы мүмкүн. Фишинг билдирүүлөрүн ачканыңызда, компьютериңизге зыяндуу программаны орнотуучу/жүктөөчү тиркемелерди өзүнө камтышы мүмкүн.

Эгер сиз алган билдирүүнүн аныктыгын же аны менен эмне кылууну билбесеңиз, кырдаалды андан ары диагностикалоо үчүн төмөндөгү анкетаны колдонсоңуз болот же билдирүүнү сизге маалымат бере турган тышкы ишенимдүү уюмдарга жөнөтсөңүз болот, бул сизге билдирүүнүн деталдуу анализин берет.

Шектүү электрондук почта билдирүүсүн алуу ар дайым эле, сиздин аккаунтуңузга хакерлик чабуул жасалганын билдирбейт. Эгер кат же билдирүү сизге шектүү көрүнүп жатса, аны ачпаңыз. Билдирүүгө жооп бербеңиз, шилтемелерди ачып, тиркемелерди жүктөбөңүз.