Менин гаджетим шектүү иштеп жатат
Зыяндуу кодду колдонуу менен жасалган чабуулдар жыл өткөн сайын татаалдашып баратат. Жеке жана уюштуруу маалыматтары/инфраструктурасы үчүн олуттуу көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн болгон ар кандай коркунучтар пайда болууда.
Зыяндуу чабуулдар вирустар, фишинг, опузалоо программасы, трояндар жана руткиттер сыяктуу ар кандай формада болот. Мүмкүн болгон коркунучтардын айрымдары: компьютерлердин иштебей калышы, маалыматтарды уурдоо (атап айтканда, аккаунттардын купуя маалыматтары, финансылык маалымат, банк эсебине кирүү), чабуулчунун компьютериңизге кайра кирүү мүмкүнчүлүгүн бергендиги үчүн опузалап төлөм талап кылуусу, гаджеттериңизди, жана андаонлайн режиминде эмне кылып жатканыңызды көзөмөлгө алуу менен DDoS чабуулдарын жүргүзүү үчүн боттордун бир бөлүгү колдонуу болуп саналат.
Чабуулчулар сизге жана сиздин гаджеттериңизге зыян келтирүү үчүн колдонгон айрым ыкмалар кадимки эле аракеттерге окшош, мисалы:
-
Тиркемени ачууга же шилтемени басууга үгүттөгөн электрондук почта же социалдык тармактардагы билдирүү.
-
Адамдарды ишеничсиз булактан программалык камсыздоону жүктөп алып, орнотууга түртөт.
-
Мыйзамдуу көрүнгөн, а чынында мыйзамсыз сайтка аккаунт колдонуучу атын жана сырсөзүн киргизүүгө веб сайтка кирүүгө мажбурлоо
-
Коммерциялык шпиондук программаны түзмөгүңүзгө орнотууда, сиз аны кароосуз жана кулпусу ачык калтырсаңыз
Санариптик биринчи жардам комплектинин бул бөлүмү сиздин гаджетиңизге кандайдыр бир вирус жуккан же жукпаганын аныктоо үчүн бир нече негизги кадамдарды берет.
Эгерде сиз компьютериңиз же мобилдик гаджетиңиз шектүү иш-аракет кыла баштады деп ойлосоңуз, адегенде анын белгилери кандай экенин байкап көрүңүз.
Көбүнчө гаджетт шектүү иштеп жаткандай көрүнү мүмкүн, бирок тынчсызданууга жетиштүү себеп болбогон белгилер төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Телефон чалуулар учурунда чыкылдаган үндөр
- Күтүлбөгөн жерде батареянын түгөнүп калышы
- Гаджет колдонулбай турган ысып кетиши
- Гаджеттин жай иштеши
Бул белгилер көбүнчө гаджеттин ишенимдүү көрсөткүчү катары туура эмес кабыл алынат.Бирок, алардын кайсынысы болбосун, тынчсызданууга негиз жок.
Гаджеттин бузулушунун белгилери, адатта, төмөнкүлөр болуп саналат:
- Гаджет өз алдынча бат-баттан кайра кайра күйүп жанып турат
- Тиркемелер бузулуп, авариялык абалга келет, айрыкча, ал кандайдыр бир маалыматтарды киргизгенден кийин
- Жаңыланган операциялык системасында жана / же жаңыланган коопсуздук системасында ар дайым мүчүлүштүктөр болуп турат.
- Вебкамера колдонулбай турган кезде да жарыгы күйүп турат.
- Кайталануучу "Өлүмдүн көк экрандары" же ядродогу паника
- Жаркылдаган терезелер
- Антивирус эскертүүлөрү