Эмнеге менин веб-сайтым иштебей жатат?

Көпчүлүк бейөкмөт уюмдар, көзкарандысыз ЖМКлар жана блогерлердин веб-сайттары иштебей же бузулуп, алардын үндөрү элге жетпей калуу коркунучу менен туш болушат. Бул абдан курч көйгөй, а себептери ар түрдүү болушу мүмкүн, мисалы веб-сайтка копоол же шалакылык менен кызмат көрсөтүлүүсү, ишеничтүү эмес хостинг, скрипт-кидтер “кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу” сыяктуу веб-сайтка хакердик чабуул кылуу сыяктуу. Санариптик тез жардам топтомунун бул бөлүмүндө потенциалдуу көйгөйдү анализдөөгө Менин Сайтым Иштебей Калды материалдарын колдонуу менен кээбир негизги кадамдары келтирилген.

Веб-сайтыңыздын иштебей калышынын көптөгөн себептери бар экенин эске алуу маанилүү. Бул веб-сайт жайгашкан компаниянын техникалык көйгөйүнөн баштап, Joomla же Wordpress сыяктуу жаңыртылбаган компаниялардын контентти башкаруу системасына(CMS), чейин болушу мүмкүн. Көйгөйдү анализдөө жана сиздин веб-сайттын көйгөйүнө болжолдуу чечим табуу түйшүктүү болушу мүмкүн. Төмөндөгү кеңири жайылган көйгөйлөрдү карап, веб-мастериңизге же веб-хостинг провайдериңизге кайрылуу жасоодон мурун сиздин веб-сайттын көйгөйүн аныктап алуу сунушталат. Эгер бул сунуштардын бири да сизге жеткиликтүү болбосо, сиз ишенген уюмдан колдоо издеңиз

Көңүл буруңуз

Эң алгач көңүл буруңуз:

  • Ким сиздин веб-сайттыңызды иштеп чыккан? Алар жардам көрсөтүүгө даярбы?
  • WordPress колдонуу менен иштелип чыкты беле же башка кенири таралган CMS платформалары колдонулду беле?
  • Сиздин веб хостинг провайдер ким? Эгер билбесеңиз КИМ АЛ онлайн кызматынын жардамынан колдосоңуз болот.